Конференция с учебными заведениями
17 августа 2019
// Статьи
В начале нашей работы в 2015 году, нас пригласили участвовать на конференции с ВУЗами для обсуждения новых трендов в образовании. Уже тогда были дискуссии о роли искусственного интеллекта и виртуальной реальности.
Чет өлкөдө билим алуу студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат: өлкө сыртындагы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүндө гана эмес, ошол билим алган өлкөдөн да жакшы жумушка кирүү мүмкүнчүлүгүн алат. Анткени чет элдик студенттерди кабыл алган өлкөлөр дүйнө жүзүнүн ар тарабынан, таланттуу жана дымактуу жаш адистердин келишине кызыкдар. Эгер сиз мектептин же ЖОЖдун бүтүрүүчүсү болсоңуз анда чет өлкөдөгү окуу сиз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот. Бирок ага жетишүүдө сиз күчтүү атаандаштыкка туруштук берүүңүз керек экенин да унутпаңыз. Чет өлкөгө окууга тапшыруу үчүн кандай иш-кагаздар керек, аларды чогултууда эмнеге көңүл буруу абзел? Бул жана башка эң маанилүү учурлар жөнүндө “Глобал Компас” окуучуларды чет өлкөгө жөнөтүү борборунун жетекчиси Жылдыз Саттарова айтып берди. Жылдыз айымдын айтымында, чет мамлекет жөнүндө ой келгенде эле англис тилин окуп баштоо керек. Анткени Европанын дээрлик баардык университеттеринде окуу бул тилде жүргүзүлөт. Тил билүү деңгээлиңизди TOEFL, IELTS, Cambridge аттуу тесттен текшерип, жыйынтыгын алууңуз шарт. Андагы баа канчалык жогору болсо, атаандаштык тизмесинен ошончолук өйдө көтөрүлөсүз. Экинчи кезекте чет жакка чыгуу паспорт, албетте күлкү келээрлик, бирок окуучу керектүү иш-кагаздарынын баарын жыйнап, визага тапшырайын дегенге паспорту жок болуп чыккан учурлар көп эле кездешет. Ал паспортту алуу үч айдан көп убактыңызды алышы мүмкүн. Андыктан эрте киришүү керек.
- Комментарии
Загрузка комментариев...
Нужна консультация?
Подробно расскажем о сроках и стоимости услуг
Задать вопрос
Это интересно